Окуялар
Бишкекте кар тазалоочу унаа жолтандабастын бир капталын кесип кеткен

Бишкекте бүгүн, 15-февралда саат 8:30да Койбагаров менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Тазалык” ишканасынын унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кар тазалоочу унаа жолтандабастын бир капталын кесип кеткен. Жол кырсыгы каттоого алынып, эки унаа тең айып аянтчасына киргизилди.
Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.



