Коом
15-сентябрда Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өчүрүү району Достовеский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол тилкеси, Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский городок конуштарын камтыйт.
Мында саат 09:00дөн саат 19:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу “Контррезевуар” суу топтомосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.



