Саясат

Исмаил Исаковдун көздөгөнү эмне? Аны эл ээрчийт деп турабы?

Исмаил Исаков деген генерал Кыргызстандын 30 жылдык Эгемендүү тарыхында бардык президенттер менен убагында алака түзүп,  далай чоң кызматтарда иштеди. Аны эл билет.

А.Акаевдин тушунда Исмаил Исаков жогорку кызматка, генералдык чинге ээ болгон. Президент Курманбек Бакиевдин тушунда министрликке чейин жетип, бир топ байыган. Ошол кезде уулуна мыйзамсыз квартира алып, камалып кала жаздаганы элдин эсинде.

2010-жылы Бириккен Элдик Кыймыл бийликке келгенден кийин Исаков кайрадан күч органдарын жетектей баштаган. Ал эми Оштогу кандуу июнь окуясы боюнча  Исаков  Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн катарында турган, ал боюнча сөз  болсо эле сөзду башка жакка буруп, ал тууралуу коомчулукка сөз чыгаргысы келбейт. Эмнегедир 2010-жылдагы Ош окуясын айткысы келбей, четтеп, аны уккканда кучунасы курушкан адат таап алды.

Ошол 2010-жылы  эки улуттун кагылышуусу болоор алдында сепаратист Кадыржан Батыровду коштоп жүргөнүн тана алабы? Анткени аны коштоп, эл менен жолугуп жүргөн сүрөттөрү интернет  булактарында  далай жолу чыгып, коомчулуктун талкуусунда калган.

Ал эми 2010-жылы күзүндө Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен КСДПдан депутат болуп, бийликте турган. Негизи, Исмаил Исаков ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге рахматын айтышы керек болчу. Антпесе, сепаратист Кадыржан Батыровду коштоп жүргөнү үчүн да аны бийликке жолотпош керек эле. Бирок, Исаков бийликке жеткенден кийин аны калкалап алып келген Атамбаевге да акаарат айта  баштаган.

Дегеле, Исмаил Исаков кимдин бийлиги келбесин адегенде кошомат кылып, коюнга кирет да дароо кандай гана  бийлик болбосун сынтагып, өзүн укмуштай акылдуу сезип, коомчулукка акыл үйрөтмөй, элдин башын айлантмай  адаты бар.  Азыр да ошентип элдин башын башка нукка бурууга аракеттенип, акылдуу сөздөрун айтып жаткан кези.

Ал эми  былтыр күзүндө өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосунда акчалуу, капчыктуу делген Ахматбек Келдибековго жармашып саясатка аттанган эле. Бирок парламентке жетпей, шайлоодо утулуп калды. Ахматбек Келдибековду айтсак, анын өмүр бою мамлекеттик, “майлуу” кызматтарда иштеп, кантип байлык топтогону коомчулуктун оозун ачырган эле. Анын байлыгы миллиондоп саналып, эл таң калып,  кыйын деген бизнесмендерден да бай экен деп тамшанып, бир чети кыжырды да кайнаткан. Келдибековдун  бизнеси жок туруп, мамлекеттин эсебинен миллионер болгон байлыгын кайрадан казып чыкса, далай коррупциянын башы кылтыяры турган иш.

Азыркы учурда Ахматбек Келдибеков да, Исмаил Исаков да өткөн күндөрүн унутуп, кайрадан  азыркы бийликке сын тагып, элдин көңүлүн башка жакка бургулары келип туру.

Учурунда бийликте, далай кызматтарды аркалаган Исаков, Келдибековдор ошол кезде Кыргызстан үчүн кандай жакшы иштерди аткарганы элдин эсинде деле жок.

Исмаил Исаков  учурунда далай президенттерди, шериктерин сатып кеткен. Азыр жашы жетимишке келип калган кезде да тынч эс алып, пенсиясын алып, небере эркелете турган убакта  кайрадан ойду-тоону сүйлөп,  Кыргызстанга баш-аламан кылгысы келип  турат. Бирок, азыр эл Исаков сыяктууларды ээрчибейт, тескерисинче,  Кыргызстанды карызга батырып, элдин жакырланышына так ушул сыяктуу, туруксуз саясатчылар күнөөлүү экенин билишет.

Өмүр бою мамлекеттик чоң кызматтарды аркалаган, коомчулукка интрига жасап, элдин башын айланкысы келген Исмаил Исаков сыяктуу адам  кантип  урмат-сыйга ээ болот? Балким ошондон улам бүгүнкү бийлик бул  “генералдын” туруксуздугун байкап, андан оолак болууну чечкендир?

Исмаил Исаков өзүнүн басып өткөн жолун орустар айткандай “трезвый” көз менен бир кылчайып карап, туура баа берсе, “аттиң” деп өкүнөбү, же ар бир кадамым туура болгон деп эсептейби…

Кыргызстанда туруктуулук, биримдик орномоюнча өнүгө албайбыз. Азыркы учурда элге тынчтык керек, эч кандай саясий интриганын, ызы-чуунун кереги жок. Андыктан Исмаил Исаков сыяктуу “генералдар” элдин башын айлантпай, тынч отурганы Кыргызстанга болгон зор салымы болоор эле…

Эл тажады ушундай саткындардан…

Тургунаалы Сагыналиев, ардагер

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button