Дүйнө

Францияда ысыктан Эйфель мунарасы жана Париждеги музейлердин иш убактысы кыскартылды

Францияда катуу ысыктан улам Эйфель мунарасы жана Париждеги бир катар ири музейлер убактылуу иш убактысын кыскартты. Бул тууралуу Euronews билдирди.

Эйфель мунарасынын администрациясы ишемби жана жекшемби күндөрү объектти саат 16:00дө жабуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле Лувр музейи да дүйшөмбүгө чейин саат 16:00дө ишин токтотот. Орсе музейи ишембиден шаршембиге чейин саат 17:00дө жабыларын жарыялады.

Франциянын түндүк-батышындагы 24 департаментте аптап ысыкка байланыштуу эң жогорку — кызыл деңгээлдеги кооптуулук жарыяланды. Улуттук метеорология кызматы Météo-France маалыматына караганда, эскертүү 22 миллиондон ашык адамга тиешелүү.

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы 35–38 градуска чейин көтөрүлөт. Айрым аймактарда, анын ичинде Бургундиядан Пеи-де-ла-Луарга чейинки жерлерде ысык 39 градуска чейин жетери күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button