Коом
Таластагы реконструкцияланган аэропорттун көрүнүшү

Объектинин ачылышы бүгүн болуп, ага бийлик башындагылар катышты. Садыр Жапаров аймактардагы аэропорттордун иши узак жылдар бою токтоп турганын айтып, Таластагы аэропорт өкмөт менен “Манас” эл аралык аэропортунун биргелешкен ишинин алгачкы маанилүү натыйжасы болгонун белгилеген.

Президенттин айтымында, учурда «Каракол», «Тамчы» эл аралык аэропортторунун аэробекет комплекстерин куруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. «Нарын» аэропортунун аэробекети курулуп бүтүп, азыр учуп-конуу тилкеси оңдолууда. «Казарман», «Кербен», «Баткен» аэропортторунун учуп-конуу тилкеси да оңдолууда.

«Манас» эл аралык аэропорту ички авиа каттамдарды аткаруу үчүн Q-400 учактарын сатып алганы белгиледи.




