КоомСаясат

УКТ мүчөлөрү менен байланышы бар милиционерлер. Бир катар прокурорлор кызматтан алынды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда Кочкор жана Сузак районундагы уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү менен байланышы бар милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча окуяга комментарий берди.

“Прокуратуранын тартиптик комиссиясы менен чечим кабыл алдык. Кочкор райондук прокурорунун орун басары кызматтан алынып, прокурору тартиптик жазага тартылды”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана алар менен байланышы бар милиция кызматкерлери кармалган. Аталган окуяга байланыштуу бир катар жетекчилер кызмат ордунан бошотулуп, айрым кызматкерлерге тартиптик жаза берилген.

“Прокуратуранын кызматкерлери көзөмөл кылат, тергөөчүнүн аракеттерине жазуу түрүндө көрсөтмө берет. Ошондой көрсөтмөлөрдү каттабай койгондугу үчүн, шалаакылык мамилеси жана арызга өз учурунда жооп бербей койгондугу үчүн Сузак районунун прокурорун жана орун басарын кызматтан алдык”, — деди Зулушев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button