ВИДЕО: Ысык-Көлдө «Өспүрүм-Түн» рейдинин жүрүшүндө 20000 сом өлчөмүндө айыппул салынды

Ысык-Көл ОИИБдин демилгеси менен аймакта «Өспүрүм-Түн» аталышында 3 күндүк рейдтик иш чара уюштурулуп, жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтире турган шарттарына бөгөт коюуга жана алдын алууга багытталды.
Рейдтин жүрүшүндө , мыйзам боюнча тыюу салынган жана чектелген жерлерде түнкү мезгилде ата-энелеринин, же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 40 жаш өспүрүмдөр аныкталды. Дайынсыз жоголгон 2 бала табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Социалдык татаал турмушта жана психологиялык абалда калган өспүрүм аныкталып, бала социалдык мекемеге жайгаштырылды.
Рейдтин жыйынтыгы менен милиция кызматкерлери тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74 (Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу) беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, жаш өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлдөрүнө баары болуп, 20 миң сом айып пул салынды. Ал эми калган аныкталган фактылар боюнча мыйзам чегинде чара көрүү үчүн материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди,- деп айтылат Ысык-Кол ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирген маалыматта.



