Караколдо 5000 сомго айдоочулук кубөлүк алып берем деген жаран кармалды

Каракол ШИИБне билдирүү түшүп, анда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жанынан белгисиз жаран, айдоочулук күбөлүктөрдү алууга жардам берем деп, автомектептердин ар бир курсанттарынан 5000 сом акча каражаттарын алып, убадасын аткарбай изин жазгырып кеткендиги жөнүндө кабарланган.
Аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, шектүү күнөсүн толугу менен мойнуна алды жана «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Шаардык милициянын тергөө кызматы тарабынан, кылмышка шектүү катары кармалган Каракол шаарынын 32 жаштагы тургуну С.Ж. алдамчылыктын беш учуруна катыштыгы бар экенин аныкташты. Учурда, шектүүнүн башка ушундай кылмыштарга бар, же жоктугу текшерилүүдө.
Каракол ШИИБдин тергөө кызматы, шектүүнүн колунан жабыркаган жарандарды, 0700498494 телефонуна, же 102 кызматына кайрылуусун суранышат,- деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов.



