Коом

Үй берилип жатат, документ толуктагыла. Ош мэриясы ипотека алчуларга кайрылды

Ош шаарынын мэриясы 2005-2015-жылдары ипотекага үй алууга арыз берген жарандарга кайрылып, документтерин толуктоого чакырды.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мэриянын комиссиясы тарабынан калаанын Достук кичи районунун №83 көчөсүнүн 25-дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жайдагы батирлер бөлүштүрүлүп жатат.

«Бул боюнча ипотекалык комиссия тарабынан 2005-2015-жылдар арасында арыз берген жарандардын документтери каралып, тактоого жөнөтүлдү. Ошондуктан бул жылдар аралыгында ипотекалык шартта үй алууга арыз берген жарандар тапшырган документтерин тактап, толуктоосу зарыл экендигин белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Муниципалитет эгерде арыз ээлери белгиленген мөөнөткө чейин келип документтерин тактабаса каттоодон чыгарыла турганын эскертти.

Бул үчүн жарандар калаа мэриясына келиши шарт. Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү, 318, 306-кабинет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button