Коом

Барскоондо козу карын тергени кетип жоголгон өспүрүмдүн сөөгү табылды

Ысык-Көлдүн Барскоон капчыгайына 17 жаштагы А.Ж., аттуу бала козу карын тергени кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 19-июлда Барскоон капчыгайына козу карын тергени чыгып кеткен Кичи-Жаргылчак айылынын 17 жаштагы тургуну дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 18:00 чамасында келип түшкөн.

Жерине издөө иштерине 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, түнкү саат 11де издөө токтотулган.

Бүгүн таңкы саат 05:20да баланын сөөгү туугандары тарабынан табылып, Өзгөчө кырдаалдар бөлүгүнүн адистери сөөктү тоодон түшүрүп беришкен

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button