Окуялар

Тергөө абагында жаткан Максат Кунакуновго уулу Амир менен коштошууга уруксат берилди

Бишкек ШИИББдин тергөөчүсү ЖКнын мурдагы депутаты Максат Кунакуновдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырды, деп билдиришти 9-ноябрда «АКИpress» редакциясына борбор калаанын милициясынын басма сөз кызматынан.

Кунакунов Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча шектелүүдө. Ал №21 абакта камакта жатат.

7-ноябрда анын уулу, 14 жаштагы Амир Кунакунов «Ала-Арча» улуттук паркында адашып кеткен. Белгилүү болгондой, бала «Электро» чокусунун аймагында тоңуп калган.

ШИИББден белгилешкендей, Тергөө кызматынын тергөөчүсү өтүнүчтү канааттандырды. Атасына уулу менен коштошууга уруксат берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button