Окуялар

«Ала-Арчада» адашып кеткен 14 жаштагы Амир үшүп, каза тапкан, — ӨКМ

9-ноябрда «Электро» чокусунун аймагынан ӨКМ куткаруучулары эки сутка мурун дайынсыз жоголгон 2011-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгүн табышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Өспүрүмдүн сөөгү күндүзгү саат 4 чамасында таштардын арасынан табылган. Алдын ала маалымат боюнча, ал үшүктөн улам каза болгон.

Куткаруучулардын маалыматы боюнча, 7-ноябрда саат 19:02де өспүрүм 112 номуруна чалып, «Адыгене» чокусунан түшүп келе жатып адашып кеткенин айткан. Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун нөөмөтчүсү аны менен байланышып, геолокация боюнча анын «Электро» чокусунун аймагында экенин аныктаган.

Бул убакта куткаруучулардын «Эдельвейс» нөөмөттөгү тобу Рацек алачыгынын аймагында башка туристтерди эвакуациялап жаткан. Тоолордо уюлдук байланыш жок болгондуктан, дайынсыз жоголгон өспүрүм тууралуу маалыматты топко саат 22:00дө гана жеткирүүгө мүмкүн болгон. Издөө иштери баштала турган чекитке чейин түшүүгө 2 сааттай убакыт кеткен. Андан кийин топ бөлүнүп, кызматкерлердин бир бөлүгү турист аялды эвакуациялоону уланткан, ал эми үч куткаруучу түн ортосуна жакын «Электро» чокусун көздөй бет алган.

«Издөө иштери 8-ноябрга караган түнү жана эртеси күнү бою жүргүзүлдү, иштерге кошумча бөлүктөр тартылды», — деп айтылат расмий маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button