Коом

Кара-Ой айылында эки милиционер кишини сабап өлтүрдү деген шек менен кармалды

Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде токмоктолгон адам көз жумуп, ал чырга катыштыгы бар деп шектелген кишилердин экөө милиционер болуп чыкты. Маалыматты Ысык-Көл облустук милициясы таратты.

Токмок жеген киши боюнча кабар түшкөндө барганда тартип сакчылар сабалган Э.Б. аттуу кишини тапкан.

«Ал тез арада райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жаран ошол эле күнү саат 19:30 чамасында алган жаракаттарынан улам көз жумган», — деп маалыматта айтылат.

Ысык-Көл РИИБ окуяга тиешеси бар деп шектелген төрт жаран аныкталып кармалып, алардын экөө милиция кызматкерлери болуп чыккан.

Төмөнкүлөр кармалган:

1997-жылы туулган К.Ж., Ысык-Көл РИИБдин кызматкери, милициянын старшинасы;

1997-жылы туулган Р.С., Ысык-Көл РИИБи боюнча ЖКККБдин кызматкери, милициянын сержанты;

1997-жылы туулган А.А.;

2005-жылы туулган К.М.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин («Ден соолукка оор залал келтирүү») негизинде иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.

Ал эми кармалгандар убактылуу кармоп турган жайга киргизилген.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button