Коом

Таласта коронавирус жуктурган адам аныкталды

Таласта облусунда коронавирус  жуктурган адам аныкталганы тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги да тастыктады.

Ушу тапта ал дарыгерлердин көзөмөлүндө, эпидемиологиялык текшерүү жүрүп жатат. Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Талас облусундагы бейтапканалардын биринде коронавирус аныкталып, ал ошол замат жабылганын жазышкан.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус аныкталган алгачкы күндөн тарта (18-марттан) Талас облусунда вирус жуктуруп алгандар жок болчу.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 2 055 адам коронавирус жуктурду. Алардын арасынан 1 483 адам сакайып, 24 киши көз жумду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button