«Дордой» конушунда эркек кишиге кол салууга шектелген алты адам кармалды

Бишкекте «Дордой» конушунда эркек кишиге кол салгандан кийин бейбаштыкка шектелген алты адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, 7-августта саат 04:30 чамасында белгисиз адамдар конуштагы көчөлөрдүн биринде эркек кишини сабап, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучунун бир тууганы милицияга арыз менен кайрылган.
Текшерүү учурунда милиция кызматкерлери окуяга тиешеси бар делген адамдарды аныкташкан. ИИМдин райондук башкармалыгына 2006–2008-жылдары туулган алты жаш жигит жеткирилген. Алардын арасында жашы жете электер да бар.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөөнү улантууда.



