Коом

Батыш автобекетинин имаратында мамлекеттик мекемелер жайгаштырылат

Батыш автобекетинин имаратында калкты тейлөө борборлору жайгаштырылат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Ал автобекеттердин айрым жерлери жеке тараптарга менчикке берилип, ал эми имараттары ремонттолбой эскире баштаганына токтолуп, алар толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн айткан.

«Оңдоп-түзөө иштеринен кийин мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик каттоо жана калкты тейлөө борборлору жайгаштырылат», — деген ал.

Ал президенттин тапшырмасы менен автобекеттер шаардын четине чыгарыларын эске салып, мыйзамсыз сатылган жерлери кайтарылып жатканын кошумчалаган.

Буга чейин Батыш автобекети Пригородное айылынын тышына (Достук кичи районунун маңдайы) чыгарылары айтылган. Учурда ал жакта ачылган, бирок азырынча экөө тең иштеп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button