Коом

УКМК опузалап акча талап кылууга шектелген кылмыштуу топту кармады — ВИДЕО

Бул тууралуу Атайын кызматтын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР УКМК тарабынан опузалап талап кылууга шектелген топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2026-жылдын 6-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү ишкер С.К.С.дан опузалап талап кылынган акча каражатын алып жаткан учурда, Чолпон-Ата шаарынын 1999-жылы туулган жашоочусу А.у.А. кылмыш үстүндө кармалды.

Ыкчам жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө дагы үч шектүү шериктеш: 2001-жылы туулган Д.у.К., 2001-жылы туулган М.Ш.М., 2000-жылы туулган А.Э.К. кармалды. Тергөөдө аныкталгандай, шектүүлөр ишкерди күч колдонуу менен коркутуп, андан ири өлчөмдөгү акча каражатын опузалап талап кылышкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгү («Уюшкан топ тарабынан жасалган опузалоо») менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмыштын бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

КР УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы ырааттуу жана компромиссиз күрөшүн улантат жана шектүүлөрдүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандарды КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына: +996 555 540 052 телефон номуру аркылуу кайрылууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button