Окуялар
Бишкекте «Көк-Сай» базарында өрт чыкты

Түндө Бишкектин түндүк тарабында, тагыраагы, Орозбеков көчөсүндө курулуш материалдарын саткан «Көк-Сай» базарында чыккан өрттү алты бригада саат 9:06да өчүрдү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Жалын саат 01:23тө чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүү иштери уланып жатканы айтылды.
Өрт 500 чарчы метрлик аянттагы пластик эшик-терезе жасалуучу цехтен чыгып, сырье, ламинат, рейка, балка, эшик-терезе даярдоочу станоктор күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө алты бригада менен катар эле Бишкек шаардык башкармалыгынан 46, милициядан 25 кызматкер чыккан. Андан сырткары, мэрияга караштуу ишканалардын суу ташуучу жети автоунаасы да пайдаланылган.
Министрлик кырсык эмнеден чыкканын тактап жатат.


