Саясат
Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди

Бүгүн, 7-августта, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ариповду «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Эске салсак, 6-7-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө. Ага Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары катышууда.



