Коом

Сабиров: Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында өткөн «Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу. Мыкты долбоорлордун бет ачары» аталышындагы тегерек столго катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын экономикалык багыттагы министрликтеринин, мамлекеттик органдарынын, аймактык бийлик өкүлдөрүнүн, өнүктүрүү институттарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Равшанбек Сабиров өз сөзүндө Россия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири экенин белгилеп, аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоо жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөрүн айтты. Ошондой эле ал Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму, «Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum», VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы сыяктуу аянтчалар эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

«Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз мыйзамдык базаны өркүндөтүп, инвестициялык долбоорлорду коштоонун заманбап санариптик механизмдерин киргизип жатабыз жана аларды ишке ашыруунун бардык этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди Равшанбек Сабиров.

Ошондой эле Улуттук агенттиктин башчысы өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, инвестициялык климатты жакшыртуу, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана инновациялык экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдык демилгелер тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Талкуунун жүрүшүндө өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү, санариптештирүү, агроөнөр жай комплекси жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Тектеш кабарлар

Back to top button