Коом

Бишкекте 7 жаштагы кыз изделүүдө

Бишкекте милиция Диана Боронбаева аттуу жети жаштагы кызды издеп жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 17-мартта РИИБге Б.Н. аттуу аял кызын издөөгө жардамдашууну суранып кайрылган. Анын айтымында, жети жаштагы кызы 17-мартта болжол менен саат 16:30да Сүйүмбаев көчөсүндөгү кошумча сабактан чыгып, Тунгуч кичи районун көздөй кеткен. Азыркы тапта кыздын кайда экени белгисиз.

Аталган факт Свердлов РИИБдин Бирдиктүү реестрине катталган.

Изделип жаткан кыздын белгилери: бою 125-130 сантиметр, арыкчырай, чачы кара. Үстүндө күлгүн түстөгү куртка, кара ботинка, кара түстөгү шым кийип жүргөн.

РИИБ Диана Боронбаеванын кайда экенин билгендер же аны көргөндөр болсо 0 557 11-94-10, 0 704 30-08-43, 0 702 49-88-88 же 102 телефондоруна чалып коюуну өтүндү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button