Коом
20-майга карата аба ырайы

20-май, шаршембиде, айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы:
Чүйдө +22…+27,
Талас аймагында +20…+25,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31,
Ысык-Көл өрөөнүндө +16…+21,
Нарын аймагында +17…+22 градус жылуу болот.
Бишкекте +23…+25 градуска чейин көтөрүлүп, ала булут каптап турат.



