Коом
Бишкектин кээ бир жерлеринде эртең таза суу өчөт
Бишкектин кээ бир аймактарында 24-март күнү ичүүчү суу өчөт. Бул тууралуу мэрия «Бишкексууканалга» шилтеме берип жазды.
Эртең мененки саат 09:00дөн 16:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов жана темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу берилбейт. Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полицейский городок конуштарында дагы суу берүү үзгүлтүккө учурайт.
Бул күнү «Контррезервуары» суу кампасы менен суу түтүктөрү оңдолот.
Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жарандарды суу камдап алууга чакырат.



