Түптө үй-бүлөлүк чырдан улам атасы уулун бычактап салды

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк чырдан улам атасы уулун бычактап салды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
23-март күнү Түп райондук Ички иштер бөлүмүнө Тасма айылынын 27 жаштагы А.М аттуу тургуну бычактан алган жаракаты менен ооруканага түшкөн. Дарыгерлер бейтапты текшергенде ал эчак эле каза болуп калган.
Бул билдирүү боюнча окуя болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
Окуя болгон жерге барган укук коргоо органынын кызматкерлер тобу күбөлөрдү суракка алганда ошол күнү үй-бүлөлүк чырдан улам Тасма айылынын 63 жаштагы тургуну А.М. аттуу жаран өз баласынын сол жамбашына бычак менен сайып жиберген. Бычак жеген уулу алган жараатынан ооруканага жетпей каза болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Өзгөчө оор кылмышка шектелип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин (Камакка алуу негиздери) негизинде убактылуу кармоочу жайга алынды.
Жасалган кылмыштын себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө,- деп айтылат маалыматта.


