Сот «Социал-демократтар» партиясынын өкүлдөрүнө өкүм чыгарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенүүгө айыпталып жаткан «Социал-демократтар» партиясынын өкүлдөрүнө өкүм чыгарды.
Маалыматта мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев («Бийликти күч менен басып алуу») төрт жылга, Темирлан Султанбеков («Бийликти күч менен басып алуу») мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыратылганы айтылат.
Эрмек Эрматов («Кылмышты жашыруу») бир жылдык пробацияга алынды.
Иштин дагы бир фигуранты Кубанычбек Кадыров толугу менен акталды.
Казакстан менен Кыргызстан жараны Абдурахим Абдрахманов сегиз жылга, ал эми 1 жыл 9 айга эркинен ажыратылган Казакстандын дагы бир жараны Серикбай Кабыланбек тергөөдөгү мөөнөтү эске алынып, камактан бошотулду. Эми ал Кыргызстандан чыгарылышы керек.
Белгилей кетсек, ИИМ 2025-жылы парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданган топ кармалганын билдирип, иштин алкагында «Социал-демократтар» партиясынын өкүлдөрү тергөө абагына киргизилген. Милициянын маалыматы боюнча, алар уюшкан кылмыштуу топторду, спорт менен шугулдангандарды жана тарапкерлерин башаламандык уюштурууга үндөп, күч колдонууга тартууну көздөшкөнү айтылган.



