Коом

Бишкекте угуусу начар 47 балага операция жасалды

Бишкекте угуусу начар 47 балага кохлеардык имплантация операциясы жасалды. Операция 2023-жылдын декабрь айында Катар фондунун жардамы менен ишке ашырылган.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 15-январда Бишкекке Кохлеар компаниясынын клиникалык жана техникалык адиси Дмитрий Заика бул балдарга сүйлөө процессорлорун туташтыруу үчүн учуп келди.

Дмитрий Заика ошондой эле кыргызстандык адистерди окутуудан өткөрөт.

“Сүйлөө процессорлору туташтырылгандан тартып балдардын үндөр дүйнөсүнө болгон сапары башталат”, — деп белгилешти ведомстводон.

.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button