Коом

Ысык-Көлдө элди чет өлкөгө ишке орноштурам деп алдаган жаран кармалды

Жети-Өгүз РИИБге Тамга айылынын 18 жаштагы тургуну кайрылган. Өзүнүн билдирүүсүндө белгисиз жаран июнь айында аны Европага жумушка орноштурууга убада бергенин айткан. Кызматы үчүн ал которуу жолу менен 40 000 сом алып, андан кийин жашырынып кетип, уюлдук телефонун өчүрүп салгандыгын билдирген.


Берилген арыз Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.


Козкголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныктоо жана аны кармоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран колго түшүрүлгөн. Ал, Ак-Суу районунун Тепке 43 жаштагы тургуну Р.К. болуп чыкты.
21-сентябрь күнү райондук соттун чечими менен кылмышка шектелип кармалган жаранга карата камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Райондук милициянын тергөө кызматы кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткандардын саны көп болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Буга байланыштуу жабырлануучулардан Жети-Өгүз РИИБге кайрылууну суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button