Коом

Баасы 16 млн сом. Ысык-Көлдө куткаруучуларга атайын техникалар берилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына атайын техника жана санариптик жабдуулар тапшырылды.

ӨКМден билдиришкендей, аталган жабдуулар Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго алынды.

Атап айтканда, башкармалыкка 28 орундуу “Шакман” вахталык унаасы, эки снегоход жана жүк ташуучу чиркегичтери менен, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана эки Starlink Mini комплекти берилди.

Снегоход кыш мезгилинде тоолуу аймактарда куткаруу иштерин жүргүзүүгө арналса, суу алдындагы дрон көлдүн түбүндө издөө иштеринде колдонулат. Квадрокоптер абадан байкоо жүргүзүүгө жана аймакты көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Ал эми Starlink Mini өзгөчө кырдаал болгон аймактарда спутниктик байланышты камсыз кылат.

Жаңы техникалар куткаруучулардын өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүсүнө жана издөө-куткаруу иштерин өз убагында жүргүзүүсүнө шарт түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button