Коом

“Кыргыз фармация” мамлекеттик ишканасынын фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталды

Кыргызстанда “Кыргыз фармация” мамлекеттик ишканасынын фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталды. Объектинин пайдубалына капсуланы министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев салды.

Ал бул долбоор өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун чыңдоого багытталган жаңы мамлекеттик системанын башаты экенин белгиледи. Айтымында, мамлекет башчы калкты коопсуз, сапаттуу жана арзан дары-дармек менен туруктуу камсыздоо боюнча так тапшырма койгон.

“Дары-дармектерди сатып алуу — бул иштин жарымы гана. Аларды талапка ылайык сактоо, өз убагында жеткирүү жана өлкөнүн каалаган жериндеги бейтап үчүн жеткиликтүү кылуу — бүтүндөй бир система. Биз дал ушундай системаны түптөп жатабыз. Өлкөбүздө мамлекеттик деңгээлдеги мындай фармацевтикалык логистикалык комплекс алгачкы жолу салынууда. Эл аралык талаптарга жооп берген өзүбүздүн логистикалык базабыздын болушу дары өндүргөн ири заводдор менен түз жана узак мөөнөттүү кызматташууга жол ачат. Биздин максатыбыз — ортомчулардын санын азайтып, мүмкүн болушунча өндүрүүчүнүн өзүнө түз чыгуу”, — деди Касымалиев.

Комплекстин курулушуна Стабилдештирүү фондунан 650 миллион сом бөлүнгөн. Заманбап логистикалык борбор жалпысынан 7,1 гектар аянтты ээлейт.

Тектеш кабарлар

Back to top button