Коом

Октябрь окуясы боюнча сот отуруму жылдырылды

Октябрь окуясы боюнча сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы октябрдагы баш аламандыктар боюнча болуп жаткан соттук отурум бүгүн уланмак. Бирок отурум жактоочулардын бири келбей калганына байланыштуу 8-апрель саат 10:00гө жылдырылган.

2020-жылы октябрь айындагы окуялар боюнча ишти кароо былтыр, 2021-жылы 8-октябрда башталган. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө бөлүнгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button