Китептер үчүн рахмат! Кайтаруу жана күзөтүү департаменти эми окуу департаменти да болуп калды…

№ 7412 аскер бөлүгүнүн 80 жылдык мааракесин утурлай маанилүү окуя болду. Милициянын отставкадагы подполковниги, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин жана Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин «Сый-Урмат» ардагерлер бирикмесинин мүчөсү Татьяна Холодова өзүнүн үй-бүлөлүк коллекциясынан сейрек кездешүүчү 800 китепти өзү кыйзмат өтөгөн бөлүккө белекке берди.
Аскердик бөлүктүн командачылыгы жана «Сый-Урмат» коомдук уюмунун президиуму баалуу белек үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Белгилей кетсек, кесиби боюнча финансист кесиптешибиз 1993-2003-жылдары Кайтаруу жана күзөтүү бөлүмүндө, андан кийин РИИБде жана Жол кайгуул кызматында кызмат өтөгөн. Ал көптөгөн ведомстволук сыйлыктардын ээси, финансы тармагындагы мыкты адистердин бири катары таанылган.
Татьяна Владимировна 2016-жылы ардактуу эс алууга чыккан жана бош убактысында өзүнүн бай коллекциясынан китептерди окуу менен алектенет.
Бул демилгени форма кийген башка пенсионерлер да көтөрүп, жаш жоокерлердин билим жана тарбияланышына салым кошот деп ишенебиз,- деп билдирди ЖАКтын басма сөз кызматы.
Сүрөт КР ЖАКнын басма сөз кызматыныкы





