Коом
Депутат электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнү сунуштады
“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Айбек Алтынбеков электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнү сунуштады.
Анын айтымында, энергетика тармагынын 137 миллиард сомдук карызы бар.
“Бүгүнкү күндө социалдык жөлөк пулдар көтөрүлүп жатат. Акырындап электр энергиясына болгон бааны көтөрбөсө, энергетика тармагы мындан ары да карызга бата берет”,- деди депутат



