Коом
Кыргызстандык окуучулар Ташкентте өткөн эл аралык олимпиадада 4 медаль жеңип алышты

Кыргызстандын курама командасы Ташкентте өткөн 38-Эл аралык информатика олимпиадасында (IOI 2026) тарыхый жыйынтык көрсөттү.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 9-16-август күндөрү өткөн мелдешке 97 өлкөдөн окуучулар катышты. Кыргызстандын төрт өкүлү тең медаль жеңип, команда 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду. Алар:
- Рамазан Мананов – «Амбассадор Интернешнл Скул» эл аралык мектеби;
- Алихан Айдарбеков – «Амбассадор Интернешнл Скул» эл аралык мектеби;
- Абдуллахан Абдирасулов – «Амбассадор Интернешнл Скул» эл аралык мектеби;
- Ян Бобрус – «Газпром Кыргызстан» мектеби.
Командалык эсепте Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээледи. Бул көрсөткүч Кыргызстандын IOIге катышуу тарыхындагы эң мыкты командалык жыйынтык катары бааланууда.



