Алмазбек Атамбаев Молдовановкадагы жалпы режим абагына которулду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылындагы №27 жатак абагына которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан (ЖАК) билдирди.
«Алмазбек Атамбаев соттун чечими менен мындан ары №27 жатак абагында жазасын өтөмөй болду», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин саясатчы Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү мекемесинде кармалып турган. Кийин өзү Петровка айылындагы №8 колонияга которууну суранган.
Эске салсак, Биринчи май райондук соту 2020-жылдын июнь айында Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 11 жыл эки айга кескен. Бишкек шаардык соту бир айдан кийин райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Бирок 2021-жылдын декабрь айында Алмазбек Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылган. Анткен менен Жогорку сот 12-октябрда Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге мурда чыккан өкүмдү кайра калыбына келтирген. Учурда Кой-Таш жана 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча соттук процесстер жүрүп жатат.



