Коом
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш берилди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Маалыматты Министрлер кабинетинен тастыкташты. Тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгон.
Буга чейин Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевдин «Көз микрохирургиясы» клиникасын жетектеген Алмазбек Исманкуловго айтканы боюнча сунуштама берген. Бейшеналиев буга чейин да таластыктар тууралуу айткан сөзү үчүн эскертүү алган.



