Коом
Бир жарым ай мурун Нарын дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү табылды

Бир жарым ай мурун Нарын дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү суунун жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, баланын сөөгү 21-апрелде саат 19:50 чамасында Эмгек-Талаа айылынан өткөн Нарын дарыясынын жээгинде табылган.
Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, баланын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жогоруда аталган бала 2022-жылдын 7-март күнү Орто-Нура айылынан өткөн Нарын дарыясына түшүп кетип, куткаруучулар тарабынан 5-апрелге чейин изделген.
Баланын өздүгү туугандары тарабынан тастыкталды.



