Коом

ВИДЕО: Ички иштер органдарында атайын даярдыктагы иттер кандай кызмат аткарат?

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмүндө Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борбору өз ишмердүүлүгүн иштиктүү алып барууда.

Техника жана технологиялардын өнүгүшүнө карабастан, кызматтык иттер мурдагыдай эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлеринин алмаштырылгыс жардамчысы болуп саналат. Көбүнчө инструктор-кинологдордун кесипкөйлүгүнөн жана иттин даярдыгынан объектини ишенимдүү коргоосу, кылмышкерлерди издөөсү, баңгизаттарды жана жарылуучу заттарды табуусу көз каранды.

Кызматтык иттер дагы деле болсо курал-жарактарды, баңгизаттарды табуунун мыкты каражаты болуп саналат, оор кылмыштардын бетин ачууга көмөктөшөт,- деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button