Коом

Улан Ниязбеков: «Биз – өлкөбүздүн ички коопсуздугуна түздөн-түз жооп беребиз»

2024-жылдын 12-июнунда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан алты айлыкты ийгиликтүү жабуу жана жүргүзүлүп жаткан коопсуздук иш- чаралары тууралуу онлайн кеңешме өткөрдү.
Онлайн чогулуштун жүрүшүндө Улан Ниязбеков кылмыштардын бетин ачуу, сотко жөнөтүү, уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарга, экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга, жаш өспүрүмдөргө байланыштуу кылмыштарга бөгөт коюу, элге сервистик тейлөө көрсөтүү, санарип тармагын калыптандыруу боюнча жана башка тиешелүү аракеттерди алып барууну эскертти.
«Биз – өлкөбүздүн ички коопсуздугуна түздөн-түз жооп берген мамлекеттик орган катары, элдин турмуш-тиричилигинде болуп жаткан ар түрдүү көйгөйлөргө көңүлкош мамиле жасап, карап турбашыбыз керек.
Кандай гана актуалдуу маселе болбосун, жеринде чечүүгө, элдин массалык нааразычылыгын жаратууга себеп болгон фактыларды болтурбоого тынымсыз аракеттерди алып барууга милдеттүүбүз. Эл арасында негатив окуялар эмес, позитив учурлардын көбүрөөк болушуна шарт түзүп беришибиз абзел. Өсүп келе жаткан муунга туура тарбия берүүгө, мекенди сүйүүгө, жарандардын руханий маданиятын калыптандырууга жана мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууга — милиция эле эмес ар бир жаран милдеттүү экендигин туура жеткириңиздер. Жарандардын, анын ичинде жаштардын ар түрдүү чагымчыл аракеттерди жасагандарды ээрчип, радикалдык же экстремисттик уюмдардын таасирине жана кылмыш чөйрөсүнө азгырылууга жол берилбесин.
Ошондуктан, алдын алуу багытында ыкчам иш-чараларды күчөтүп, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузууга, коомдук коопсуздукка коркунуч келтирүүгө жана ар түрдүү тобокелдиктерге бөгөт коюуга карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барыңыздар.
Жергиликтүү бийлик органдары, анын ичинде айыл башчылары, айыл өкмөттөр, мэрлер, акимдер, күч түзүмдөрү, айыл жана шаар жергесиндеги активдүү өкүлдөр, жаштар, аялдар жана аксакалдар кеңештери менен бирге элдин бейпилдигин камсыздоонун алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. Коомчулуктун көңүлүн бурган кандай гана көйгөй болбосун, салкын көз караш менен карабай, кылдаттык менен мамиле жасоону тапшырамын”-деди Улан Ниязбеков.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.
Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button