Коом

Ысык-Көлдө кызыл китепке кирген аюулардын териси табылды

Ысык-Көл облусунун тургунунан Кызыл китепке кирген аюунун эки териси табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, терилер 23-апрелде Ак-Суу районунун Каракол айыл аймагынын тургунунан табылган. Учурда аюулардын атылганы же капканга түшүп калганы аныкталууда.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда уруксааты жок ок атуучу куралдар жана ок-дарылар, ошондой эле кызыл китепке кирген күрөң аюунун 2 териси табылып, алынган.

“Алдын ала маалымат боюнча, бул Хан-Теңири мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында болгон. Материалдар Ак-Суу РИИБге өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аюуну атуу үчүн айып пул 1 миллион сомду түзөт. Эгерде браконьерлик мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында болсо, анын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button