Коом

ИИМ: Баңгизат сатуу менен алектенген «Telegram» каналындагы «KG_Svetofor» интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын ИИМнин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарын жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенген «Telegram» каналындагы      «KG_Svetofor»  интернет-дүкөн жок кылынды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан белгисиз адамдарга карата маалымат текшерилип, алар «Telegram» каналында «KG_Svetofor» интернет-дүкөнүн түзүп, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенишкен.

Бул маалымат Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-бөлүмүнүн 1-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМинин БМЖКККнын Тергөө кызматында катталган.

Интернет-дүкөн өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жайылтуу үчүн Интернет түйүндөрүндө, тактап айтканда социалдык топтордо башка каналдарда 2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын И.Н. аттуу жараны, жана Россия Федерациясынын Л.И., жараны кармалгандыгын белгилей кетүү керек.

Жеке тинтүү учурунда Л.И. өз ыктыяры менен көк скотчко салынган 5 даана, болжол менен “гашиш” баңгизаты алынган.

Мындан тышкары, алар өз ыктыяры менен 10 даана сары-жашыл жана көк электр лентасына оролгон заттар табылган жана алынган Чүй облусунун аймагында мурда катылган кыстармалар (закладки) көрсөтүлгөн.

Жашаган жери боюнча тинтүүнүн жүрүшүндө. И.Н. жана Л.И. төмөнкү заттар табылып, алынган:

•             «гашиш» баңгизаты, таза салмагы – 71 гр.;

•             “гашиш” баңгизатын чегүү үчүн жасалган булбулятор;

•             Компьютер жана ноутбук;

•             3 даана Уюлдук телефондор.;

•             Банк карталары

Белгилей кетүүчү нерсе, Л.И. «KG_Svetofor» интернет-дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана ээси (администратору) болуп саналат.

Кармалгандар Бишкек ш. ИИБ убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Азыркы учурда бул факт боюнча соттук-химиялык экспертизалар, электрондук алып жүрүүчүлөрдү башка интернет-дүкөндөрдүн табылышы боюнча текшерүү дайындалган, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

КР ИИМдин БМЖККК республика боюнча ушундай эле фактыларды табууга багытталган тиешелүү иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келет, ошондой эле башка өлкөлөрдүн баңгизаттарга каршы кызматтары менен бул өлкөлөрдө жайгашкан интернет дүкөндөрдү жана ээлерин аныктоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө,- деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button