Коом

«Ата-энеси менен уруша кеткен». Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан кыз табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан кыз табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү Ленин РИИБине кыздын апасы кайрылып, 2005-жылы туулган кызы ошол эле күнү саат 07:00 чамасында үйүндөгүлөр менен уруша кетип, үйдөн чыгып кеткенин айтып кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кечээ, 17-сентябрда өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы саат 18:00 чамасынды кызды таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button