Дүйнө

Астрономдор Күндүн бетинин тарыхтагы эң деталдуу сүрөттөрүн алышты

Астрономдор Гавайинин Мауи аралында жайгашкан Дэниел К. Иноуэ атындагы күн телескобу аркылуу Күндүн көрүнгөн бетинин тарыхтагы эң деталдуу сүрөттөрүн алышты. АКШнын Улуттук илим фондусуна таандык бул телескоп төрт метрлик күзгү менен жабдылган. Ал башка адистештирилген жер үстүндөгү телескопторго салыштырмалуу жети эсе көп жарык чогултат.

Nature журналында жарыяланган макалада айтылгандай, телескоптун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында окумуштуулар Күндүн фотосферасында көлөмү 20 чакырымдан кичине болгон түзүлүштөрдү да байкай алышкан. Бул азыркы илимдеги мейкиндиктик чечилиштин жаңы рекорду болуп калды.

Телескопту жөндөө жана анын мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү учурунда тартылган сүрөттөрдөн изилдөөчүлөр буга чейин байкоого мүмкүн болбогон түзүлүштөрдү аныкташкан. Күндүн сырткы катмары кыймылдуу оймо-чиймелерге, мамык сымал түзүлүштөргө, алтын түстөгү тилкелерге жана спираль түрүндөгү куюндарга окшош көрүнүштөр менен капталган.

Алынган маалыматтар астрофизикадагы бир катар фундаменталдуу суроолорду чечүүгө, анын ичинде Күндүн таажысынын (коронасынын) эмне үчүн адаттан тыш ысык экенин түшүнүүгө жардам берет.

Күндүн сырткы атмосферасынын температурасы 1,1 миллион градуска чейин жетет. Бул Күндүн бетинин болжол менен 5500–6000 градус болгон температурасынан дээрлик 200 эсе жогору.

Физиканын мыйзамдарына ылайык, жылуулук булагынан алыстаган сайын температура төмөндөшү керек. Бирок Күндөн байкалган куюн сымал агымдар энергияны анын сырткы атмосферасына — коронасына натыйжалуу жеткире алган механизмдер бар экенин көрсөтүп турат.

Тектеш кабарлар

Back to top button