Дүйнө

Дээрлик 50 градуска чейин жеткен. Өзбекстанда 2026-жылдын июль айы абдан ысык болгону айтылды

2026-жылдын июль айы Өзбекстанда климаттык нормадан кыйла ысык болуп, өлкөнүн бир катар аймактарында жаңы температуралык рекорддор катталды. Чөлдүү аймактарда абанын температурасы дээрлик 50 градуска чейин жетти.

Өзбекстандын Гидрометеорология кызматынын маалыматына ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында айлык орточо температура климаттык нормадан 1,3–2,3 градуска жогору болду. Ал эми түндүк жана чөлдүү аймактарда бул көрсөткүч айрым жерлерде 2,5–2,8 градуска чейин жеткен.

Июлдун башында аба ырайы адаттагыдан салкыныраак болуп, температура нормадан 3–5 градуска төмөн болгон. Бирок айдын экинчи беш күндүгүнөн тартып аптап ысык кескин күчөгөн.

Эң жогорку ысык 18–19-июлда катталып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы 43–45 градуска, түштүк жана чөлдүү аймактарда 46–50 градуска чейин көтөрүлгөн.

Эң жогорку көрсөткүч Кызылкум чөлүндөгү Учкудук метеостанциясында катталып, абанын температурасы 49,7 градуска жеткен. Бухарада 46,9 градус, Навои жана Арнасайда 46,5 градус болгон.

Ошондой эле июль айында айрым аймактарда мөндүр аралаш нөшөрлүү жаан жаап, шамалдын ылдамдыгы 20–25 м/с чейин жеткен. Кээ бир райондордо чаңдуу бороон да байкалган.

Өзгидромет белгилегендей, аптаптын өзгөчөлүгү эң жогорку температуралар менен гана эмес, аномалдуу ысык мезгилдин узакка созулушу менен да айырмаланып, бул көрсөткүч 2026-жылдын июль айында көп жылдык орточо деңгээлден кыйла жогору болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button