Коом

УКМК: Өзгөчө оор кылмышка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

КР УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында өзгөчө оор кылмышка шектелип, мурда тергөө органдарынан жашырынып жана 2022-жылдын 30-апрелинен бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.

2022-жылдын 9-майында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын аймагынан КР УКМК кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү З.у.Т. кармалды.

Маалым болгондой, кармалган жаран жергиликтүү элди коркутуп-үркүтүү максатында өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен ырайымсыз ыкмаларды колдонуп Жалал-Абад облусунун М.К.М. аттуу тургунунун ден соолугуна оор залал келтирген.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button