Коом
Кыргызстан менен Кытай визасыз режимге өтүшү мүмкүн

“27-апрелде Сиань шаарында Кытайдын тышкы иштер министри менен жолуктум. Биздин жарандардын, айдоочулардын виза маселеси боюнча талкууладык. Мүмкүнчүлүк болсо эки тараптуу визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Жалпысынан алганда кытай тарап бул маселе бооюнча сүйлөшүүгө даяр”, — деди ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев парламентте.



