Окуялар

Өзгөндө эки автоунаа кагышып, айдоочу уул-кызы менен каза болду

Бишкек — Ош жолунун 500-чакырымында, Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу эки баласы менен каза болду. Бул туурасында Ош облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-май күнү саат 9:00дөр чамасында Toyota land Cruiser-200 жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

«Matiz унаасынын айдоочусу, 31 жаштагы М.Н. Жалал-Абаддан Өзгөндү көздөй бара жатып Land Cruiser менен кагышкан. Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу мерт болгон, 6 жаштагы уулу жана 5 жаштагы кызы Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилгенден кийин көз жумган. Жаракат алган жубайы учурда ооруканада жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жолтандабастын айдоочусу менен эки жүргүнчүсү ар кандай жаракаты менен ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button