Коом
Таластагы аялдамадан табылган жансыз дене. Маркумдун аты-жөнү такталды

Таластагы аялдамадан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардын Оторбаев көчөсүндөгү аялдамады жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция 50-55 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Анын жанында бөтөлкө табылган. Текшерүү учурунда, маркумдун 1971-жылы туулган С. Р. экени аныкталган. Денесин кароо учурунда тактар байкалган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланып жатат.



