Коом

Караколдо күйөөсүнөн сабалган аялдын иши Акыйкатчынын көзөмөлүндө

Каракол шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген Айзат Усенбаева айымдын сабалышы тууралуу укук коргоочу активист Камиль Рузиев кабарлаган соң, Акыйкатчынын Ысык-Көл областы өкүлү:

1) жабыркаган айым менен ооруканадан жолукту;

2) областык ички иштер башкармалыгына, прокуратурага ыкчам чара көрүү талаптары жөнөтүлдү.

Башкы талап: жабыркаган тарап арыз жазат же жазбайт деп күтө бербей, коргоо чараларын колдонуп, жабыркаган айымдын коопсуздук маселесин чечиш керек. “Нет трупа, нет преступления” — деген страустук позициядан арылыш керек.

3) акысыз адвокат издештирип жатабыз.

4) Бүгүн аялдын күйөөсүнүн баш коргоо чарасы боюнча соттук отурум Каракол шаардык сотунда болору күтүлүүдө.

5) Соттук отурумга Акыйкатчынын Ысык- Көл облусундагы өкүлү катышат.

Бул иш Акыйкатчынын көзөмөлүндө, — деп айтылат аталган мекеменин Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button