“Роял Констракшн” компаниясына карата калп маалыматтарды таратуу башталды

Акыркы учурда бизнес чөйрөсүндөгү атаандаштар бири-бирин жалган маалыматтар аркылуу тазалоого өтүп алышты. Анан калса, алар атаандашын бийлик бутактарында отургандарга байланыштырып, анысы менен коомчулуктун жек көрүүсүн жаратууга аракеттенип жатышат. Бул ыкма – иликтөө деп аталат.
Журналисттер аркылуу иликтөө жүргүзүмүш болушуп, атаандашынын мыйзамсыз аракеттерин ачыкка чыгарышат. Ошондой иликтөөлөрдүн бири бул сапар “Роял Констракшн” жоопкерчилиги чектелген коомуна багытталды.
“Factcheck.kg” жасаган иликтөөдө аталган компания “Киргизия — 1” конушуна куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу тууралуу айтылган. Иликтөөчүлөрдүн маалыматына таянсак, бул курулуш мыйзамсыз жүргүзүлүп жатат. Ал эми компания буга чейин Бажы кызматында жетектөөчү кызматтардын бирин аркалаган Нурбек Айтмаматовго таандык, бирок учурда аны апасы, 1957-жылы туулган Кулбаева Канымбүгө жаздырып койгон. Мындан башка да анын наамында эки компания бар, ал эми Айтмаматовдун жубайына дагы бир компания жаздырылган. Алардын айрымдары башка тармакты аркаласа, апасына жазылган аталган компания менен жубайына жазылган бир компания курулуш жаатында иштейт.
Иликтөөчүлөр Нурбек Айтмаматовдун бир жыл мурда укук коргоо органдары тарабынан кармалганына да басым жасашкан. Андан кийин кайрадан бизнес чөйрөсүндө жүргөнүн өөн көрүшүп, шаардагы эң чоң жана кооз көп кабаттуу үй анын компаниясына таандык экенинен да кыр издешкен.
Эми бул маалыматтарга түшүндүрмө бербесек болбойт. Анткени, калп маалымат менен коомчулукту суугарып, түз иштеп жаткан ишкерлерди жаманатты кылуу менен өлкө экономикасын солгундатууга да болоорун алар аңдабай жатышкандай.
Биринчиден, Канымбү Кулбаева 90-жылдардын башынан бизнесте жүрүп, өз эмгеги, маңдай тери менен ишкерчилигин түптөп, андан ийгиликке жеткен тажрыйбалуу ишкер. Учурда пайгамбар жашына барып калса дагы, отуз-кырк жаштагылардын бир тобунан тың, энергиялуу. Ушул азыр дагы өзүнүн ишкерчилигин ийгиликтүү иштетип, ири курулуштарды курууну колго алган. Иликтөөчүлөр аныктагандай, “Роял Констракшн” Канымбү Кулбаевага таандык, бул түз мааниде. Уулу Нурбек Айтмаматовдун ага байланышы жок. Бул жерде айта кетчү нерсе, бала менен эненин деле жолу ар бөлөк. Эрезеге жеткиче эненин камкордугунда болгону менен андан кийин ар кимисинин өзүнүн кызыккан иши жана максаты болот эмеспи. 30 жылдан ашуун бизнесте келаткан ишкер айым бул жылдар аралыгында мамлекетке канчалаган салык төлөгөнү, ал төлөмдөр ошол эле иликтөөчүлөрдүн ата-энесине пенсия, айлык акы болуп кетип жатканы эстерине келген жок.
Экинчиден, Нурбек Айтмаматов Бажы кызматында иштеп жүрүп, укук коргоо кызматтары тарабынан кармалган. Бирок териштирүү иштеринен кийин, тиешелүү иш чаралар жүргүзүлгөндөн соң соттон акталып чыккан. Акталгандан кийин, мамлекеттик кызматтан кеткенден соң ал да өз тиричилигин жасайт. Бизнес менен алектенеби же үйдө жатып эс алабы өзүнүн иши. Бирок ал ишкерчиликке аралашкан жок.
Үчүнчүдөн, иликтөөчүлөр Айтмаматовдун жубайы Чынара Матанова “НТС Трейд” курулуш компаниясына жетекчи катары катталганын айтышкан. Бул маалыматты кайдан таап чыгышкандары белгисиз. Анткени, мындай компания жок. Деги эле каттоодон өткөн эмес. Аны Юстиция министрлигинен расмий текшерүүгө болот.
Төртүнчүдөн, иликтөөнүн себепкери болуп жаткан “Роял Констракшн” компаниясы жалгыз Канымбү Кулбаевага таандык эмес. Андан башка да үч түптөөчүсү (учредитель) бар. Алар – Кенжеев Талантбек, Акжигитов Мирлан. Үч түптөөчүгө компаниянын үлүшү дээрлик бирдей бөлүнгөн – Кенжеев Талантбекке – 33, 3 пайыз, Акжигитов Мирланга – 33,3 пайыз, ал эми Канымбү Кулбаевага – 33,4 пайыз. Ишкерде жүргөндөр тең үлүштүү өнөктөштүктү жакшы түшүнүшөт болушу керек, бардык аракеттер, жасалган иштер бирдей добуш менен ишке ашат. Үч түптөөчүнүн бири-бирине туугандык байланышы жок, ар бири өзүнчө түптөлгөн, тажрыйбалуу ишкерлер. Ошондуктан, бул жерге Нурбек Айтмаматовдун жеке кызыкчылыгын кыпчып көрсөтүүнүн зарылчылдыгы жок.
Төртүнчүдөн, иликтөөдө айтылган “Киргизия-1” конушунда “Роял Констракшн” компаниясы тарабынан курулуп жаткан курулуш мыйзамсыз эмес. Буга прокуратурадан берилген документтер далил. Жер, курулуш иштери текшерилип, баары мыйзам жагынан бекитилип, уруксат берилгенден кийин гана курулуш иштери башталган. Ал жерге өтө кооз көп кабаттуу имарат курулуп жатат. Курулуш соңуна чыкса шаардын көркүнө көрк кошкон имараттардын алды болоору талашсыз. Бишкекте өнүккөн шаар кебетесине келтирүү көбүнчө курулуш тармагындагы жеке ишкерлер тарабынан ишке ашырылып жатат. Мындайда өөн издеп, калп жаманатты кылбай, тескерисинде жасап жаткан иштерин кубатташыбыз керек эмес беле. Бизнестеги атаандаштык коомчулукка жалган маалыматтарды таратуу менен коштолуп жатканы өкүнүчтүү.

Булак: “Майдан.kg” гезити





