Коом

Шашылыш билдирүү! Нөшөрлөп жамгыр жаайт

19-майда жана 21-23-майда Кыргызстандын аймагында жамгырдын нөшөрлөп жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өлкө аймактарында үч күн жамгыр катуу төгүп, тоолуу райондордо кар түшүп, айрым жерлерге мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Мындай өзгөрүлмөлүү аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда малды кармоону кыйындата турганы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button